Жогорку Соттун төрагасы отставкага кетүү боюнча арыз жазды
RU

Жогорку Соттун төрагасы отставкага кетүү боюнча арыз жазды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул туурасында "Азаттык" өздүк булактарына шилтеме берүү менен жазып чыкты. Ал эми Жогорку Соттун басма сөз кызматы азырынча маалымат жок экенин айтышты.

Судьялар кеңешинен бүгүн, 9-октябрда жыйын болорун, күн тартибиндеги маселелердин арасында Базарбековдун билдирүүсү бар, жогун тактап жатышканын билдиришти.

Замирбек Базарбеков 2022-жылдын февраль айында Жогорку Соттун төрагасы болгон. Ага чейин президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгына дайындалып, 2021-жылдын июнь айында Жогорку соттун судьясы кызматына келген. Белгилей кетсек, Базарбеков президент Садыр Жапаровдун адвокаты болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17624