Садыр Жапаров Сельчук Байрактарды "Даңк" ордени менен сыйлады
Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда Baykar Technology компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Сельчук Байрактарды кабыл алды. Президенттин администрациясынан билдиришкендей, жолугушууда аскердик-техникалык кызматташтыкты тереңдетүү жана коргоонуу жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
"Сельчук Байрактар Baykar Technology компаниясы Кыргызстан менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө даяр экенин айтып, чек аралардын коопсуздугун камсыз кылуу жана потенциалдуу коркунучтардын алдын алуу үчүн натыйжалуу токтотуучу факторду түзүү маселелеринде заманбап технологияларды колдонуунун маанилүүлүгүн белгилей кетти", - деп айтылат маалыматта.
Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана аскердик потенциалын чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Сельчук Байрактарды "Даңк" ордени менен сыйлады.