Бишкектин мэри жаңы автобустардын канчасы оңдоодо экенин айтты
RU

Бишкектин мэри жаңы автобустардын канчасы оңдоодо экенин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев канча муниципалдык автобус оңдолуп жатканын айтты.

Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жыйынында депутат Русланбек Жакышов шаар үчүн 1200 автобус сатылып алынганын, күнүнө 1040 автобус каттап, 150-170 автобус оңдолуп жатканын белгиледи.

"Алты-жети айдын ичинде 300 автобус аварияга учурады. Бирде мамыны, бирде даракты сүзүшөт, бири-бири менен кагышат. Манас проспектисинде Ахунбаевден Горькийге чейин тартип жок поезддин вагондорундай болуп тыгында турушат. Баарын иретке келтириш керек, жакында эле бир кызды тебелеп кетти", - деди ал.

Жунушалиев линияда 1090 автобус бар экенин, учурда төрт автобус оңдолуп жатканын айтты.

"300 автобус тууралуу маалымат кайдан чыкканын билбейм, эгер айдоочу күнөөлүү болсо, анын эсебинен оңдоо иштери жүргүзүлөт", - деди мэр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17631