Түркмөнстандын президенти Садыр Жапаровду медаль менен сыйлады
RU

Түркмөнстандын президенти Садыр Жапаровду медаль менен сыйлады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон бир күндүк иш сапары аяктап Бишкекке келди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров түркмөн акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган "Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы - тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи" аттуу эл аралык форумга катышты.

Форумдун жүрүшүндө Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровду Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгынын урматына медаль менен сыйлады.

Андан соң Садыр Жапаров Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту.

Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү, ошондой эле соода, энергетика, транспорт жана логистика сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчы Гурбангулы Бердымухамедовго Махтумкули Фрагинин тандалма чыгармаларынын кыргыз тилиндеги китебин тартуу кылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17657