Эртеңден баштап Бишкекте жылытуу мезгили башталат
RU

Эртеңден баштап Бишкекте жылытуу мезгили башталат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын метеорологиялык божомолун жана тышкы абанын температурасын, жакынкы күндөрдө анын өзгөрүү динамикасын эске алуу менен жылытуу мезгилин эртең, 22-октябрда баштоо чечими кабыл алынды. Бул туурасында мэриядан маалымдашты.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.

Объекттерди жылуулукка туташтыруу бир нече күнгө созулат.

  • биринчи кезекте – ооруканалар, бала бакчалар, мектептер, төрөт үйлөр жана социалдык коргоо мекемелери;
  • экинчиден - турак жай имараттары, өнөр жай ишканалары жана мекемелерге берилет.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17753