АКШдан почта аркылуу келген баңгизаттын ээси кармалды
RU

АКШдан почта аркылуу келген баңгизаттын ээси кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Америка Кошмо Штаттарынан Кыргызстанга эл аралык почта аркылуу өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат келген. ИИМдин маалыматы боюнча, каражаттын көмүскө базардагы баасы 9 млн сомду түзөт.

Белгилүү болгондой, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматы узак убакыт бою интернет дүкөн аркылуу сатуу үчүн АКШдан органикалык баңги каражаттарын жеткирүү каналын жөнгө салган баңги топторун кармоо боюнча атайын ыкчам иш-чараларын жүргүзгөн.

Мамлекеттик бажы кызматкерлери менен биргеликте АКШдан келген жүктөрдү бажылык көзөмөлдөөнү жана текшерүүнү уюштурууда 2004-жылы туулган К.Н.Н. аттуу жаранга даректелген таңгактардын биринде өзгөчө ири өлчөмдөгү кара куурайдын жыты бар, "гибриддик шишка" деп аталган зат табылган.

Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Н.Н. кармалган. Анын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, баңги тобунун 1999-жылы туулган Л.Ю.В. жана 2003-жылы туулган Т.В.С. аттуу башка мүчөлөрү да кармалды.

Учурда аталган факты боюнча мындан аркы ыкчам тергөө иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17763