Түркиядагы терактта канча адам жабыркаганы айтылды
RU

Түркиядагы терактта канча адам жабыркаганы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөнүн борбору Анкарадагы теракттан төрт адам каза болгонун билдирди. Бул тууралуу өлкө лидери Россиянын президенти Владимир Путин менен Казанда болгон жолугушууда билдиргенин Haber телеканалы жазды.

Түркиянын ИИМ башчысы Али Ерликая терактты уюштургандардан - бир эркек жана бир аял жок кылынганын айткан.

"Кол салуудан төрт адам каза болуп, 14ү жарадар болду, алардын үчөөнүн абалы оор", - деген министр.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы теракт боюнча тергөө иштерин баштаганы маалым болду.

Эске салсак, Түркиянын аэрокосмостук компаниясы - аэрокосмостук TUSAŞ корпорациясында теракт болгон.

Түрк басылмаларынын маалыматына караганда, окуяга күбө болгондор алгач ишкананын дарбазасынан жарылуунун үнүн угуп, андан соң атышуу болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17770