Таласта 25 чакырым жол жарыктандырылып, камералар орнотулду
RU

Таласта 25 чакырым жол жарыктандырылып, камералар орнотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта 25 чакырым жол жарыктандырылып, 5 миллион сомго видеокамералар коюлду. Облустук ички иштер башкармалыгынан белгилешкендей, быйылкы жылы Талас облусунун аймагында жүргүзүлгөн профилактика иштеринин жана түнкү жарыктандыруунун натыйжасында жол кырсыктарынын саны бир топко азайган.

Тактап айтканда, 2023-жылдын 9 айында 106 жол кырсыгы катталса, 2024-жылдын 9 айында 88ди түзүп, 18ге азайган. Ал эми Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагында былтыркы жылдын 9 айында 10 жол кырсыгы катталса, быйыл 9 айда 1 жол кырсыгы катталган. Бул цифра аталган айыл аймакта жол кырсыктарынын саны 90% азайганын белгилейт.

Талас шаарынын ички иштер бөлүмү тарабынан видеокөзөмөл камераларын орнотуу боюнча Талас шаарынын мэриясына кат жолдонуп, депутаттардын колдоосу менен бөлүнгөн 5 млн сомго шаардын 38 жерине 64 видеокөзөмөл камералары орнотулду.

10 камера адамды жүзүнөн тааныйт, 5 камера автоунаалардын мамлекеттик номерлерин аныктайт, 49 камера көзөмөл камералар.

Талас шаарынын аймагына кылмыштуулуктун алдын алуу максатында коюлган видеокамералар Талас ОИИБдин санарип көзөмөл борборуна туташтырылат. Ошондой эле Талас ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, Талас шаарынын мэриясына онлайн форматта көрүү үчүн сыналгылар орнотулган. Азыркы учурда видео көзөмөл камераларын ИИМдин "Коопсуз өлкө" борборуна кошуу жумуштары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17771