Президент Жогорку Соттун төрагасын дайындады
RU

Президент Жогорку Соттун төрагасын дайындады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Медербек Сатыев Жогорку Соттун төрагасы болуп дайындалды. Бул туурасында бүгүн, 24-октябрда президенттин администрациясынан кабарлашты.

Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Медербек Сатыев 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы болуп дайындалды.

Белгилесек, 9-октябрда Замирбек Базарбеков кызматтан кетүү арызын жазган. Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Базарбековдун өз арызы боюнча ээлеген кызматынан бошотуу жана судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арызын карап, жактырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17772