Сот Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтүн узартты
RU

Сот Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтүн узартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү 26-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Белгиленгендей, райондук соттун 24-октябрдагы токтому менен УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылды. Ага ылайык, М.Р.га карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы 26-декабрга чейин узартылды.

Эске салсак, 23-мартта УКМК Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга камынган трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсү Бишкекте кармалганын билдирген. Комитет алардын баары Азербайжандан келгенин кошумчалаган.

Кийинчерээк мамкомитет издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов Азербайжандын борбору Бакуда экенин жана аны кармап, андан ары Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралып жатканын маалымдаган.

2024-жылдын январь айынын аягында Райымбек Матраимовго УКМК тарабынан издөө жарыяланган жана анын миллиарддаган сомдук кыймылсыз мүлкү мамлекетке өткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17776