Бишкекте жаңы бекетке барчу автобус каттамга чыкты
RU

Бишкекте жаңы бекетке барчу автобус каттамга чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 24-октябрдан тарта №13 муниципалдык автобус каттамы ишке кирди. Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашкандай, автобус менен жаңы автобекетке жетүүгө болот.

Автобус Алмата 1/1 дарегинде жайгашкан "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасы жана Жибек Жолу проспектисинде жайгашкан батыш автобекети багыты боюнча жүрөт.

Жол кире: карта менен 17 сом, накталай 20 сомду түзөт.

Белгилесек, 23-октябрда батыш автобекети, анын ичинде "Акжол" кичи автобекети жабылып, аймактарга кетчү каттамдардын баары Алмата 1/1 дарегиндеги жаңы бекетке көчүрүлгөн.

Буга чейин батыш автобекети жана "Акжол" кичи автобекети тейлеген бардык каттамдар мындан ары "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетинен жөнөйт.

№13 муниципалдык автобус каттамынын кыймыл чиймеси:

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17777