Президенттин маалымат катчысы гимнди өзгөртүү тууралуу спикердин пикири боюнча үн катты
RU

Президенттин маалымат катчысы гимнди өзгөртүү тууралуу спикердин пикири боюнча үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин гимнди өзгөртүү тууралуу билдирүүсү боюнча комментарий берди. Алагөзовдун айтымында, мамлекеттик гимн өзгөртүлөт деп дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок.

"Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин билдирүүсүн спикердин жеке пикири катары гана кабыл алуу керек деп эсептейбиз. Анткен менен бул пикир коомчулукта, социалдык тармакта азыр эле кызуу талкууга жол ачты.

Эгерде, мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгеси көтөрүлө турган болсо, анда анын сөзүнө, музыкасына сөзсүз түрдө ачык сынак жарыяланып, ага акындар, жазуучулар, композиторлор, философтор, айтор мамлекетибиздин гимнин ийинге жеткире иштеп чыгууга дараметим жетет дегендер катышып, алардын иши калктын көпчүлүк катмарынын колдоосуна ээ болушу керек.

Бул болсо бир топ убакытты алат. Андыктан азыр гимн өзгөрөт экен деп дүрбөлөң түшүүгө негиз жок. Көпчүлүк эл колдобосо азыркы гимнибизди өзгөртүүгө деле зарылдык болбойт", - деди президенттин маалымат катчысы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17781