Кыргызстанда Ozon"дун товар жүгүртүүсү 2024-жылдын үчүнчү кварталында 11 эсеге өстү
RU

Кыргызстанда Ozon"дун товар жүгүртүүсү 2024-жылдын үчүнчү кварталында 11 эсеге өстү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2024-жылдын 20-ноябрында Ozon компаниясы үчүнчү квартал боюнча финансылык жыйынтыктарын жарыялады. Компаниянын тарыхындагы эң жогорку EBITDA - 12,3 миллиард сомдон ашкан. Товар жүгүртүүсү (GMV) кызматтарды кошкондо, жылдык көрсөткүчтө 59% өсүп, 683,3 миллиард сомдон ашты. Кыргызстанда товар жүгүртүүсү былтыркы ушул эле мезгилге салыштырмалуу 11 эсеге көбөйдү.

Ozon платформа жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө инвестициялоону улантууда. Натыйжада активдүү сатып алуучулардын саны 53,5 миллионго жетип, 2023-жылдын үчүнчү кварталына салыштырмалуу 11 миллионго көбөйгөн. Кыргызстанда активдүү сатып алуучулардын саны 6 эсеге, ал эми буйрутмалардын саны 12 эсеге өскөн. Бир сатып алуучу жылына орто эсеп менен 25 жолу буйрутма берип жатат.

Ozon Кыргызстанда логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүнү 2023-жылдын башында баштаган. Бишкектеги алгачкы сорттоо борбору былтыр январда ачылган. 2024-жылдын үчүнчү кварталында Ozon"дун өлкө боюнча буйрутма берүү пункттары 7,5 эсеге көбөйгөн.

Компания 2024-жылдын июль-сентябрь айларында логистикалык аянттарын 1,5 эсеге көбөйтүп, жалпы аянты 3 миллион чарчы метрден ашкан.

*Отчеттогу рубль менен берилген көрсөткүчтөр 2024-жылдын үчүнчү кварталындагы орточо курс боюнча сомго которулган.

Ozon – көп категориялуу маркетплейс. Компания Россия, Кыргызстан, Казакстан, Армения, Беларусь, Өзбекстан, Азербайжан, Грузия, Кытай жана Түркияда иш жүргүзөт. Платформада 370 миллиондан ашык товар бар, ал эми 53,5 миллион активдүү колдонуучу өнүккөн логистикалык тармак аркылуу буйрутмаларды алууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17795