Маркетплейстердеги "Берешен жума": эң пайдалуу баалардын мезгили
RU

Маркетплейстердеги "Берешен жума": эң пайдалуу баалардын мезгили

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ноябрдын аягы соңуна чыгып калды, аны менен бирге жылдын ири сатып түгөтүү акциясы – "Берешен жума" да бүтүүдө. Бул 11 ай бою себетке салып келген товарлардын баарын сатып алуу үчүн эң жакшы мезгил. Ozon"до акция 3-декабрга чейин созулуп, арзандатуулар 90 пайызга жетет. Маркетплейсте кандай кызыктуу товарларды тапса болорун айтып берели.

Ыраазычылык күнүнөн кийин жума күнү ири сатып-түгөтүү акцияларын өткөрүү салты АКШда XX кылымдын башында пайда болгон. Бул жылы акция 29-ноябрга туура келет. 1920-жылдары америкалык дүкөндөр Рождество майрамынын алдында сооданы кызытуу үчүн ушул күнү арзандатууларды сунуштай башташкан. Акциянын аталышы Филадельфиядагы полиция кызматкерлерине таандык. Дал ошолор 1960-жылдары соода түйүндөрүнө кирүүгө аракет кылган көп сандагы адамдардан улам орун алган башаламандыктарды сүрөттөө үчүн ушул терминди колдоно башташкан. Бул термин элдин оозуна алынып, ноябрдын аягында ири акцияларды өткөрүү салты менен бирге бүткүл дүйнөгө ийгиликтүү жайылып кеткен.

Ozon"до "Берешен жума" бул жылы ноябрдын ортосунан 3-декабрга чейин созулат. Бул көптөн бери кийинкиге калтырылып келген товарлардын бардыгын өтө арзан баада сатып алууга, ошондой эле кышкы майрамдарга даярданууга сонун мүмкүнчүлүк. Ал эми азырынча эмнени сатып алууну билбей жүргөн адамдар үчүн адаттан тыш товарлардын тизмесин сунуштайбыз. Бул товарлар өзүңүзгө же жакындарыңызга сонун белек болуп берет.

  • Өсүмдүктөр үчүн акылдуу карапа. Бул карапа гүлдөрдү автоматтык түрдө сугарып, топурактын нымдуулугун көзөмөлдөп, жада калса жарыкты күйгүзө алат. Үйдө гүл өстүргүсү келген, бирок аларга кам көрүүгө убактысы тартыш адамдар үчүн ойдогудай белек.
  • Бир нече түзмөктөр үчүн зымсыз кубаттоочу станция, ал түзмөктөрдүн ар кандай форматын – смартфондорду, кулакчындарды жана ал тургай смарт-сааттарды да колдойт. Бардык гаджеттерди бир эле жерден кубаттоого мүмкүнчүлүк берет.
  • Нымдуу тазалоо функциясы бар робот-чаң соргуч. Чаңды тазалагандан тышкары, полду да жууган заманбап үй жардамчысы. Күч-кубатыңызды жана убактыңызды үнөмдөөгө жардам берет.
  • Флорариум – айнек идиштеги миниатюралык бакча, ал жайлуу маанайды жаратып, бөлмөңүзгө көрк кошуп турат. Мындай буюмдарга ашыкча кам көрбөйсүз жана ар кандай үйдө сонун көрүнөт.
  • Түнкү лампа – жылдыздуу асман проектору. Балдарга да, чоңдорго да жаккан, үй үчүн модалуу гаджети. Бөлмөгө орнотуп койсоңуз чыныгы жылдыздуу асмандын элесин бере алат.
  • Кошумчаланган реалдуулугу бар интерактивдүү глобус. Заманбап технологиялардын жардамы менен ар кайсы өлкөлөрдүн географиясы жана маданияты менен таанышууга жардам берет. Смартфонду Жерге жакындатсаңыз эле ал иштей баштайт.
  • Смартфон үчүн көчмө проектор. Анын жардамы менен каалаган жерде кинотеатр уюштура аласыз. Саякат жана пикник үчүн мыкты чечим болуп берет.
  • Жарыктандырылган кол чатыр. Жарык диоддору менен жабдылган, ал ачылганда эле автоматтык түрдө күйөт. Караңгыда сейилдегенге өтө туура болот.
  • Мышыктар жана иттер үчүн чатыр. Саякаттап жүргөндө үй жаныбары эс алышы үчүн оюн мейкиндигин же өзүнчө бир жерди уюштурууга мүмкүндүк берет.
  • Таймери бар акылдуу айры тешик. Электр шаймандары менен иштешүүнү жеңилдетет. Аларды аралыктан башкарууга жана ырааттама менен автоматтык түрдө күйгүзүп/өчүрүүгө болот. Электр энергиясын үнөмдөө үчүн ыңгайлуу буюм.

"Берешен жума" кардарларга бюджетти пландаштырып, керектүү буюмдарды арзандатылган баада сатып алуу менен пайдалуу соода кылууга кайталангыс мүмкүнчүлүк берет. Толугураак маалыматты Ozon"дун сайтынан алууга болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17796