Жаңы жылдын көркүн ачыңыз: кечеге стилдүү образды даярдайлы
RU

Жаңы жылдын көркүн ачыңыз: кечеге стилдүү образды даярдайлы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаңы жылдык кече – жарк этип жанган жылдыздай эстен чыккыс болгуңуз келген өзгөчө окуя. Бүгүн биз сизге бул майрамда канткенде эң стилдүү боло алаарыңызды айтып беребиз жана унутулгус образды жаратуу үчүн Ozon маркетплейсиндеги сонун табылгалар менен бөлүшөбүз.

Түстөр чоң ролду ойнойт

Жаңы жылдык образды тандап жатканда түстү тандоого өзгөчө маани бериш керек. Келе жаткан жылдын символу жашыл жыгач жылан болмокчу, ошондуктан бул майрамдын негизги түсү – жашыл. Мындан тышкары, кызыл түстөр да трендде болот. Албетте, металлика түстөрүнүн эң эркин варианттары да бул майрамга өзгөчө туура келет.

Кандай көйнөк кийип, образды кантип баса белгилей алабыз

Салттуу жаңы жылдык кийим – эсте калаарлык кечки же коктейлдик көйнөк. Бирок, сиздин иш-чараңыздын форматы мындай образды күтпөсө, анда башка варианттарды да караштыра аласыз. Мисалы, кеңседе өтчү жамааттык кечеге үстү жагы ачык түстөгү жарашыктуу шым костюм же комбинезон туура келет, ал эми майрамды үйдө белгилей турган болсоңуз, анда эч жерди кыспаган кардиган же ыңгайлуу трикотаж варианттары менен айкалышкан көйнөк ылайыктуу болот. Модалуу тренддер жөнүндө да унутпайлы. Бул сезондо ич кийим стили, кымтыланган көйнөктөр жана жайкалган юбкалар дагы деле актуалдуу.

Ozon"дон майрамдык кийимдердин тандалмасын сунуштайбыз:

Узун кечки көйнөк – эң натыйжалуу вариант. Стилисттер келбеттин артыкчылыктарын баса белгилей турган ичке, көйкөлгөн кездемелерден кийимдерди тандоону сунушташат.

Белге чапталган шым костюму. Салтанаттуу кечелер үчүн жакшы тандоо болуп берет. Бул костюмду кроп-топ жана такасы бийик, көзгө дароо урунган бут кийим менен толуктаса болот.

Табигый кездемеден тигилген комбинезон. Жаңы жыл түнүндөгү кече үчүн шымы кенен, куру жок моделдерди тандап алыш керек.

Атлас көйнөк заманбап кыздын гардеробунун классикасы болуп калды. Аны ресторанда майрамдоо үчүн жакет менен, ошондой эле үйдө белгилесеңиз свитер же кардиган менен айкалыштырсаңыз болот.

Жайкалган юбка менен коктейль көйнөгү.Баарынын көңүлүн бургуңуз келсе, жаркыраган деталдар менен кооздолгон көп катмарлуу моделдерди тандаганыңыз туура болот. Бул көйнөктү жаркырак клатч жана такасы бийик туфли менен толуктасаңыз абдан жарашат.

Юбка же шым менен корсеттин үстү. Мындай кийимдер азыр трендде, ал эми аны жайкалган юбка же кең шым менен айкалыштырып койсоңуз кечки көйнөктөн кем калышпайт. Үстүңүзгө пиджак кийип, жаркырак аксессуарлар менен образды толуктап койгонуңуз туура болот.

Булгаарыдан тигилген көйнөк. Өтө ыңгайлуу жана кайсы бир жеринде ал тургай кышкы вариант да болуп кетет, аны салтанаттуу кечеге гана эмес, күнүмдүк образ катары да кийип жүрө аласыз. Бул жерде баары макияжыңызга жана аксессуарларга жараша болот.

Узун юбка менен комплект. Белге чыпталган кийим, анын үстүнкү жагы билинбей отуруп ылдый жакка төгүлгөндөй болуп түшүп кетет. Трикотаждан жасалган варианттарды ала турган болсок, үй-бүлөңүз менен үйдө майрамды тынч белгилөө үчүн ойдогудай туура келет.

Свитер көйнөк – бул кечинде ресторанда да, үйдө белгилегенде да, жаңы жылда күнүмдүк образ үчүн да туура келген универсалдуу вариант. Майрамдык образды жаратуу үчүн аны табигый жыгачтан жана таштардан кооздолгон жасалгалар, экологиялык таза материалдардан жасалган баштык жана такалуу бут кийим менен толукташ керек.

Жылан принти бар көйнөк – Жылан жылын тосуп алып жатканда кийбесеңиз, анда муну качан киймек элеңиз! Эң негизгиси, ылайыктуу түстү туура тандап алышыңыз керек. Көйнөк ар кандай түрдө бычылса болот: А-силуэт, денеге чапталган макси же футляр форматында болот алат.

Ozon"до кийимдин өзүн да, бут кийимди да, зер буюмдарды жана башка аксессуарларды да тандап алып, толук кандуу образды даярдап алуу оңой эле. Декабрда маркетплейсте 70 пайызга чейин арзандатуулар менен жылдын акыркы сатып түгөтүү акциялары өтүп жатат, ошол себептен керектүү нерселердин бардыгын мүмкүн болушунча арзан баада сатып алууга болот! Буйрутмаңызды Ozon"дун брендделген пункттарынан, Кыргыз Почтасынын почта бөлүмдөрүнөн же курьердик жеткирүү аркылуу алдыртсаңыз болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17802