"Бай Дыйкан" компаниясы КР ак ниет ишкерлеринин реестрине кирди
RU

"Бай Дыйкан" компаниясы КР ак ниет ишкерлеринин реестрине кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда ак ниет ишкерлердин реестри түзүлдү. Анын курамына сегиз компания кирген. Алардын тизмесин Экономика жана соода министрлиги жарыялады.

Тизмеге кирген компаниялардын арасында "Бай Дыйкан" ЖЧКсы, "Алайку Органикс" ЖЧКсы, "Альянс Алтын" ЖЧКсы, "Кул Брос" ЖЧКсы, "Айко-Сейко" ЖЧКсы, "Аджи Сервис" ЖЧКсы, "Кока-Кола Бишкек Боттлерс" ЖАКсы жана "Демир Кыргыз Интернэшнл Банк" ЖАК бар.

Реестрге киргизүү компанияларга бир катар артыкчылыктарды берет. Маселен, алар мамлекеттик телеканалдардан ЖМКларды жарнамалоо үчүн бекер эфир убактысын, артыкчылыктуу салык жана бажы кызматтарын алышат, ошондой эле Кыргызстандын атынан эл аралык көргөзмөлөргө, жарманкелерге, форумдарга акысыз катышышат.

Мындан тышкары, реестрден ишканалар салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү кошпогондо, мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүлөрүнөн үч жылга бошотулат жана мамлекеттик кредиттөө программаларын ишке ашыруунун алкагында жеңилдетилген каржылоону алышат. 

"Бай Дыйкан" - бул айыл чарба тармагында иш алып барган ири эл аралык компания. Компания 15 жылдан бери рынокто жана фермерлерге керектүү товарлар менен камсыз кылуу менен алектенет. Компаниянын көптөгөн багыттары бар, анын ичинде минералдык жер семирткичтер, үрөндөрдү жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын жеткирүү. "Бай Дыйкан" өндүрүүчүлөр менен түз иштешип, арзан баа жана жогорку сапаттуулукту камсыз кылып келет.

Компания өлкө боюнча 50дөн ашык кампаны жана 7 аймакты камтыган агромаркеттердин тармагын иштетет. Келаткан 2025-жылы компания 13 жаңы агромаркеттин курулушун пландап жатат. Мындан тышкары, айыл чарба техникаларын сатат, мал чарбасы жана ветеринария тармактарын өнүктүрүп, органикага өтүү максатында энтомофагдарды өндүргөн биолабораториясы бар.

Ошондой эле, акыркы жылдары "Бай Дыйкан" экспорт багытында активдүү иш алып барууда. Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү – кыргыз фермерлерин колдоо жана алардын эл аралык рынокторго чыгышына жардам берүү максатында Кытайлык өнөктөштөр менен бирге Кытайда ири көзөмөл кампасын куруп бүтүп, жакынкы күндөрү ишке кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17803