Энергетика министри быйыл свет өчүрүлбөйт, деп убада берди
RU

Энергетика министри быйыл свет өчүрүлбөйт, деп убада берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Энергетика жана өндүрүш министри Доскул Бекмурзаев кыш айларында веердик өчүрүүлөр болбойт деп ишендирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-июнда, Токтогул ГЭСине болгон пресс-тур учурунда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, жайы бою Кыргызстан электр энергиясынын ордуна коңшу өлкөлөргө суу берет. Күзүндө суу кайрадан электр энергиясын иштетүү үчүн чогултулат.

Бүгүнкү күндө суу сактагычта 10 млрд 874 млн куб суу бар. Чогултуучу резезрвуардын жалпы көлөмү - 19,5 млрд кубометр.

"Социалдык тармактарда сууну агызып жатат, деген маалымат чыкты. Биз сууну иштетүү үчүн агызып жатабыз. 1-июндан баштап электр энергиясына кайтарым кылышыбыз керек. Ошондуктан сууну таштоо көлөмү адаттагыдан көп. Бирок, 1-сентябрдан баштап кайрадан коңшулардан электр энергиясын ала байштайбыз", - деди министр.

"Биз штаттык режимде иш алып барып жатабыз. Эч кандай кризис жок", - деп Бекмурзаев белгиледи.

Министрдин айтымында учурда ГЭСтин бир агрегаты реконструкцияда, экинчи агрегат оңдолуп жатат, төртүнчү агрегат ноябрь айынан баштап ишке киришет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/2102