Садыр Жапаров: Алтын сертификаттын ээлери чет өлкөдө окуй турганынан кубанычтамын (видео)
RU

Садыр Жапаров: Алтын сертификаттын ээлери чет өлкөдө окуй турганынан кубанычтамын (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-июлда, президент Садыр Жапаров Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогору балл алгандарды куттуктап, аларга алтын сертификаттарын жана белектерди тапшырды.

Президент бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аяктаганы менен куттуктап, алардын мугалимеринин жана ата-энелеринин да салымы чоң экенин белгиледи.

"Ар бириңер биринчи классыңарлан талпынып, азыркы тапта аң-сезимдүү инсан болдуңар. Билим алуудагы аракетиңер, арышыңар мындан ары да басаңдабасын. Алган билимиңер ата-мекенге пайдасын алып келсин. Албетте, мектеп турмушун мугалимсиз, ата-энесиз элестетүү эч мүмкүун эмес. Алар силерге өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп колдоп турушту", - деди президет.

Президент чогулгандардын арасында айрым бүтүрүүчүлөр чет өлкөдөгү абройлуу окуу жайга тапшырууну пландап жатканын белгиледи. Анын пикири боюнча, бул кыргыз билим берүү системасынын потенциалынын көрсөткүчү. Садыр Жапаров алтын сертификат ээлерин кайсы жерде болсо да өз мекенин унутпоого чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/2331