Камакта отурган "Кыргыз темир жолдун" мурунку жетекчисин "Бикард" клиникасына жаткырышты
RU

Камакта отурган "Кыргыз темир жолдун" мурунку жетекчисин "Бикард" клиникасына жаткырышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик мекемесинин мурунку генералдык директору Василий Дашковду "Бикард" клиникасына жаткырышты. Бул жөнүндө Kaktus.media редакциясына күч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, өткөн жумада камакта отурган Дашков УКМКнын СИЗОсунан жеке менчик "Бикард" клиникасына которулган. Мындай чаралар ден соолугунун абалына байланыштуу көрүлгөн имиш.

Ошондой эле, Дашковдун уулу дагы деле УКМКнын СИЗОсунда экендиги белгилүү. Ал коррупцияга тийиштүү деген шек менен камакка алынган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/2337