Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен аймакта кайрадан жер титиреди
RU

Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен аймакта кайрадан жер титиреди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2020-жылдын 29-декабрь күнү саат 07:49да Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Берилген маалыматка ылайык, жер титирөө Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман, Шарк, Кашкар-Кыштак, Жаңы-Кыштак айылдарында 4 балл, Кара-Суу шаарында, Ак-Таш, Большевик, Отуз-Адыр, Каарман, Кыргыз-Чек, Таштак, Мады, Дыйкан-Кыштак, Жапалак айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/245