Улукбек Марипов жубайы менен Бишкекте добуш берди. Сүрөт
RU

Улукбек Марипов жубайы менен Бишкекте добуш берди. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жубайы менен бүгүн, 11-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берди.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, алар №40 орто мектебинин имаратында жайгашкан №1032 шайлоо участогунда добуш беришти.

Марипов республиканын ар бир жараны өзүнүн шайлоо укугунан пайдаланып, социалдык жоопкерчиликти, саясий жана укуктук жактан жетилгендигин көрсөтүшү керек деп белгиледи.

Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин башчысы биринчи жолу жубайы менен эмдөө пунктунда эл алдына чыккан.

Бүгүн Бишкек, Токмак жана Ош шаарларында депутаттарды шайлоо өтүп жатат

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/2528