Тышкы иштер министрлиги Токтогул ГЭСине жабдууларды жеткирүү үчүн Кытайдан жардам сурады
RU

Тышкы иштер министрлиги Токтогул ГЭСине жабдууларды жеткирүү үчүн Кытайдан жардам сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Кытай Эл Республикасынын Элчиси Ду Девен менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ар кандай темаларды талкуулашты, бирок Кыргыз Республикасы менен КЭРдин ортосунда жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Атап айтканда, Айбек Артыкбаев Кытайдан Токтогул ГЭСин модернизациялоо үчүн зарыл болгон шаймандарды тез арада өткөрүү маселесин чечип берүүнү өтүндү.

Ду Девен бул маселени чечүү үчүн Кытай тарап максималдуу жардам көрсөтөөрүн белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/2589