Садыр Жапаровдун карындашы "Мисс Кыргызстан - 2020" болдубу?
RU

Садыр Жапаровдун карындашы "Мисс Кыргызстан - 2020" болдубу?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте "Мисс Кыргызстан - 2020" сынагынын финалы өттү. Мындай маалымат алып баруучу Айзада Жамгырчиеванын Instagram-аккаунтунда жазылган. Анын билдиргенине ылайык, Лазат Нуркожоева жеңүүчү аталды.

[/html]

Иш чара "Ала-Тоо" ресторанында, кечээ, 29-декабрда өткөн. Баш байге катары Нуркожоевага "БМВ Х5" тартууланды.

Социалдык колдонуучулардын айтымында, жеңүүчү, президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун карындашы. Анын бул сынакта баш байге алышы социалдык тармактарда активдүү талкууланып жатат.

[html]
[/html]

[html]
[/html]

Instagram'да Лазат Нуркожоева Садыр Жапаровго жана анын туугандарына катталган. Маалымат каражаттарында жазылгандай ал Садыр Жапаровдун иниси Давлет Жапаровдун кызы.

Белгилей кетсек, ноябрдын орто ченинде "Мисс Кыргызстан" улуттук сынагынын дирекциясы жыл сайын өткөрүлүүчү "Мисс Кыргызстан - 2020" сулуулук сынагын 2021-жылдын жаз айларына жылдырганын маалымдаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/267