Эльвира Сурабалдиева жыныстык тарбия сабагын киргизүүнү сунуштады
RU

Эльвира Сурабалдиева жыныстык тарбия сабагын киргизүүнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 30-декабрда, өкмөттө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту алдын алуу жана күрөшүү боюнча жыйын өттү.

Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылдын 11 айында Кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестринде 8 337 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 909га көбүрөөк.

Вице-премьер-министр Максат Матытканов, профилдик министрликтердин маалыматын угуп, көрүлүп жаткан чаралар жетишээрлик деңгээлде эффективдүү болбой жатканын белгиледи. Ошондуктан ишеним телефондордун номерлерин жарандардын ынгайлуулугу үчүн бириктирүүнү сунуштады.

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева үй-бүлөлүк зордук зомбулукту алдын алуу маселесин комплекстүү түрдө карап, анын ичинде мектеп программасына жыныстык тарбия берүү сабактарын киргизүү керектигин айтты.

"Жаш муун туура маалымат алышы керек", - деди Эльвира Сурабалдиева.

Анын айтымында интернет жеткиликтүү болгондуктан балдар түрдүү анын ичинде тастыкталбаган маалымат алып калышы мүмкүн.

"Тиешелүү фильтрлердин жоктугу 15-жаштагы өспүрүм балдарга порнографиялык материалдарды көрүүсүнө шарт түзүп жатат. Бул маселени чечүү зарыл", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/270