ИИМ: Табыптарга, көзү ачыктарга жана төлгөөчүлөргө ишенбегиле!
RU

ИИМ: Табыптарга, көзү ачыктарга жана төлгөөчүлөргө ишенбегиле!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Табыптарга, көзү ачыктар жана төлгөөчүлөр-адамдын аң-сезимин манипуляциялоону мыкты өздөштүргөн психолог адамдар. Бул тууралуу ИИМ редакциянын почтасына жөнөткөн пресс-релизинде жазылган.

Эреже боюнча, жарандар алардын жашоосунда жагымсыз кырдаал болуп кетсе, андан чыгуунун жолун билбей калса, аларга кайрылышат.

Алардын максаты сиздин ден-соолугуңуз же көйгөйлөрүңүз эмес, акчаңыз.

Алар жүктөлгөн каргыштардан арылууга, бойдоктордун жолун ачууга, өлүмгө алып келүүчү оорулардын мөөрлөрүн өчүрүүгө жана башка ушул сыяктуу ойдон чыгарылган

көйгөйлөрдү жок кылууга жардам беребиз деп алдап, өз тузагына илишет.

Чындыгында, аларга маңдай териңиз менен тапкан акчаңызды берип, эч кандай жардам таба албайсыз. Ички иштер министрлиги сиз же сиздин досторуңуздун ден-соолугунда көйгөйлөр жаралса, медициналык мекемелерге кайрылууну сунуштайт.

Эгер сиз кылмыштуу кол салуудан жапа чеккен болсоңуз же кылмышка күбө

болсоңуз, дароо милицияга 102 телефону менен байланышыңыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/2762