Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
RU

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат бөлүму билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, мыйзамдын негизги максаты Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө Кыргызстан Өкмөтү менен Өзбекстан Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо боюнча мамлекет ичиндеги процедураларды өткөрүү болуп саналат.

Фонд Кыргызстандын экономикасынын приоритеттүү тармактарында өзүн өзү актаган долбоорлорду зайым берүү, капиталына катышуу жана башка финансы инструменттерин пайдалануу менен Кыргызстандын аймагында катталып жана ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субьектилерине каржылоо жүргүзөт.

Фонд Уставдык капиталы 50 млн АКШ доллары менен болуп, ал Өзбекстан тарабынан салынып, кийинчерээк уставдык капиталы 200 млн АКШ долларына чейин жеткирилген эл аралык уюм болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/3058