Талибан өкмөтү кандай болот жана ага кимдер кошулат
RU

Талибан өкмөтү кандай болот жана ага кимдер кошулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талибандын көзөмөлүндөгү Афганистан өкмөтү кандай болоору жана ага кимдер кирээри белгилүү болду. Бул тууралуу Foreign Policy журналы талиптердин лидерлерине жакын булактарга таянуу менен жазган.

Афганстанды башкаруу үчүн 12 кишиден турган кеңеш түзүлөт. Президент же эмир сыяктуу посттор болбойт.

Сөзсүз түрдө "Талибандын" негиздөөчүсү Мулла Абдул Гани Барадар, топтун негиздөөчүсү Мулла Мухаммед Омар, Мулла Мухаммед Якубдун уулу жана "Хаккани тармагы" террордук тобунун жогорку даражалуу мүчөсү Халил Хаккани кеңештин мүчөлөрү болот.

АКШ колдогон мурдагы өкмөттүн кээ бир ишенимдүү мүчөлөрү да кеңешке чакырылат. Муну менен талибдер эл аралык коомчулук тарабынан таанылууга аракеттенет.

Эске салсак, талибдер Афганистанды өлкөдөгү аскердик жаңжалдан кийин 15-августта басып алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/3171