"Достук" жана "Урмат Ордо" отелдеринин жанында эмне болуп жатат? Фактчек
RU

"Достук" жана "Урмат Ордо" отелдеринин жанында эмне болуп жатат? Фактчек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-январда, Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум өтүүдө. Kaktus.media'нын редакциясы "Достук" отелине спорттук дене түзүлүштөгү эркектер жайгаштырылууда деген имишти текшерди.

Алар президенттикке талапкерлердин бирин колдоо митингине катышуу үчүн келишкен, деп айтылган.

Эске салсак, 4-октябрда, парламенттик шайлоодон кийин "Достук" отелинде Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өткөрүлгөн. Анда спикердин кызматына Мыктыбек Абдылдаев, президенттин милдетин аткаруучу кызматка Садыр Жапаров көрсөтүлгөн. Бир нече күн бою отелдин жанында Жапаровдун колдоочулары жүрүп, алардын жүрүм-туруму агрессивдүү болуп, имараттын ичине кирүү аракеттерин көрүшкөн.

Бүгүн, 10-январда "Достук" отелинин жанында киши жокко эсе. Унаа токтотуучу жерде аз сандагы машинелер турат. Отелдин төрт эле номеринде жарык күйгүзүлгөн. Ал эми ресторанында корпоратив өтүүдө.

Отелдин администрациясы мейманканага эч ким жайгаштырылбаганын билдирди.

Ушундай эле ушак "Урмат Ордо" мейманканасы тууралуу айтылган. Администрация үч күндөн бери отелге эч ким жайгаштырыла элек, "мурункудай болбой калган", дешти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/346