Пирожки, компот... Мектебиңиздин ашканасында сиз жактырган тамак кайсы?
RU

Пирожки, компот... Мектебиңиздин ашканасында сиз жактырган тамак кайсы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Көпчүлүгүбүз мектепте тыныгууну аябай күтчүбүз. Анткени, ашканага кирип, биз үчүн дүйнөдөгү эң даамдуу пирожкини жеп калууга жетишип калалы деп шашчубуз.

Ал эми кээ бирлери тескерисинче ага мурдун чүйрүп коюшчу, же такыр эле мектепте берилчү тамак жөнүндө түшүнүгү жок болгон.

Kaktus.media окурмандардын жоопторунун негизинде эң даамдуу мектеп тамактарынын рейтингин түздү.

10-орун: самсы

Ысык самсы. Кээде пияз менен жумурткадан башка эч нерсе кошулбайт болчу. Бирок, анын жыты бардык этажга жыттанчу. Мектеп самсысына 16 адам добуш берди.

9-орун: камырга оролгон сосиска

Сууга бышкан сосискабы же куурулганбы? Муну тандоо кыйын. Кээде такыр сосискасы жок болуп калгандар да туш келип калчу. Жалпысынан, бул тамакты 20 киши колдоду.

8-орун: Каша

Бойго жеткен балдар мектептин ашканасынан жеген манна, гречка, ал тургай арпа боткосун эстешти. Эң көп манна кашасын жактырганын айтышты. Буга 21 добуш берилди.

7-орун: гурман

Сиз дагы жаңгактары көбүрөөк болгон булочканы издегенсиз, мойнңузга алыңыз. Анан дагы жеп бүткөндөн кийин сыртындагы баштыкчасын жаладыңыз беле? Буга 21 окурмандын добуш берген.

6-орун: таттуу токоч

Албетте, колбаса, кетчуп, майонез жана сыр кошулган тамактар даамдуу. Бирок, негедир таттуу токочту 26 адам эстеди. Алар аны чай же компот менен ичип алышчу.

5-орун: булочкалар

Kaktus.media'нын 30 окурманы булочкалар жөнүндө айтышты! Кошулмасы бары, жогу, пудра себилгени, себилбегени, жөн эле көптүрүлгөнү жана башка. Муну эстегенде булочканын жагымдуу жыты мурдуңа келет.

4-орун: борщ

Кызыл, эт менен да, эти жогун да айтай кое албайбыз, ал учурда абдан даамдуу болчу! Ошондой эле кесменин шорпосу, буурчактан жасалган шорполор мектептин ашканасын эстетет. 40 киши мектептин шорпо тамактарын эстешти.

3-орун: гамбургер, быштак куймак (сырник)

43 киши куймак, сырник, булочка, бутерброд жана гамбургер сыяктуу көптөгөн кондитердик азыктарга добуш берди.

2-орун: картошка пюреси кошулган котлеттер

Картошка пюре жана макарон кошулган ысык котлеттер, күрүч кошулган гуляш, ошондой эле лагман 61 окурмандын эсинде калган.

1-орун: пирожки

141 мурунку мектеп окуучулары манжаларын күйдүрө кармап жеген картошка же капуста кошулуп куурулган пирожки - мектептин эң мыкты тамагы деп эсептейт. Пирожкилер бардык дептерлерге жана окуу китептерине майлуу издерин калтырды ...

Кимдир бирөөнүн эсинде деле калбаптыр. Бирок, көпчүлүк пирожкинин камыры ушунчалык даамдуу, жада калса дүйнөдөгү эң сонун даам деп эстейт экен!

Сиздин оюңузча кайсы тамак мыкты?

Бирок, мектептин ашканасынан берилген тамакты жактырбагандар, жаман тарабын эстегендер да болду.

Ал эми 11 окурман ал тургай буфети болбогонун айтышты.

Сурамжылоодо Фатима эжекенин мыкты мантысы жакшы эстелди. Андан сырткары хашан, палоо, салаттар, балык токочтору жана кургатылган жемиштердин компоту айтылды. Мектептин ашканасына салам айткан окурмандар да болду...

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/3534