Мектептин уставы боюнча окуучуларга катуу талап коюлду (өзгөчө кыздарга)
RU

Мектептин уставы боюнча окуучуларга катуу талап коюлду (өзгөчө кыздарга)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Макмал айылындагы Т.Мойдунов атындагы орто мектеби окуучулардан катуу талаптарды жыл бою бекем сактоону талап кылды. Тиешелүү эрежелер мектептин уставына тиркелген. Документти Kaktus.media редакциясына "Баланын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондуун директору Назгүл Турдубекова көрсөттү.

Мектеп уставында төмөнкүлөр айтылган:

  • Мектептен тышкары мезгилде окуучу кыздардын жүрүм-турумун, тартибин, сырткы келбетин көзөмөлгө алуу ар бир окуучунун энесине же энесинин камкорчу адамына катуу көзөмөлгө алуу милдеттендирилсин.
  • Окуучу кыздын формасы: ак кофта, кара юбка (узуну тизеге чейин же тизеден ылдый), чачтары боелбой ак бантик тагылып келиши абзел. Кыз окуучуга шым кийүүгө боенуп келүүгө тыюу салынсын. Күз-кыш айларында да ушул форманы сактоо ата-энелерден талап кылынат.
  • 2021-жылдын 26-апрелинен баштап, окуучуларга мектепке уюлдук телефон алып келүүгө тыюу салынсын.
  • Ар бир предметтик мугалим балдардын сабака катышуусун көзөмөлдөп, тартиби тууралуу билдирип туруусу абзел.
  • Ата-эне баласынын тартибин териштирбестен, анын жүрүм-туруму мектеп талабына жооп бербеген учурда мугалим тиешелүу мекемеге кайрылып, ата-энеге административдик чара колдонсун.

Турдубекованын пикири боюнча, бул буйрук Кыргызстандын Конституциясына, Баланын укугу тууралуу Конвенцияга, КРдин балдар тууралуу Кодексине жана билим берүү тууралуу мыйзамга карама-каршы келет.

"Ар бир мектептин администрациясы жогорудагы нормативдик актыларга ылайык келген буйруктарды чыгарууга укуктуу. Бирок Т.Мойдунов атындагы орто мектептин уставына тиркелген талаптар аларга ылайык келбейт. Мисалы кыш айларында да кыздарга шым кийгенге болбойт, же ата-энелер да административдик жоопкерчиликке тартылат дегендери. Бул негизги мыйзамдарга каршы чыгып жатат", - дейт укук коргоочу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/3541