Төрт авикомпания билеттерди алып сатууда. Жүргүнчүлөр кете албай жатышат
RU

Төрт авикомпания билеттерди алып сатууда. Жүргүнчүлөр кете албай жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Төрт авикомпания билеттерди алып сатууда. Бул жөнүндө бүгүн, 21-сентябрда транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жыйынында белгилүү болду.

Комитеттин төрагасы Махаббат Мавлянова, 14-сентябрда аны "Эйр Астана" компаниясы ишке ашырган Бишкек - Алматы рейсине киргизбей койгонун билдирди.

"Мен катоодон өткөм. Жарым сааттан кийин жаныма келип, учакта орун жок, үйүңүзгө кайта берсеңиз болот, деп айтышты. Мен билетти 2 күн алдын ала сатып алган болчумун. Акыры башка рейс менен кеттим, бирок жүргүнчүлөр ондогон кишилер ушинтип кете албай калышат, деп айтып беришти. Алар билет сатып алышат экен, а бирок орун жок деп, эртеси кетүүнү сунушташат экен. Бул бир күндөгү фактылар, мындй көрүнүш ар дайым болуп турат", - деп депутат белгиледи.

"Манас" аэропортунун генералдык директору Абдималик Бусурманкулов, мындай фактылар болуп турганын моюндады.

"Авикомпаниялар 120 орунга билеттерди сатат. Бирок айрым жүргүнчүлөр түрдүү себептерге байланыштуу уча албай калышат, атайын ошого ылайыкташат. Тилекке каршы, биз буга таасир этип, контролдой албайбыз. Мындай болгондо компаниялар компенсация төлөп, же башка рейс менен жөнөтүүгө милдеттендирилет", - деди ал.

Мындай көрүнүш көбүнчө "Эйр Астана", "Аэрофлот", "Уральские авиалинии", "Сибирь" авикомпанияларында байкалат.

"Ушул төрт компания пандемия учурунда билеттерди кайра сатуу тажрыйбасын киргизип алышкан. Айрым жүргүнчүлөрдү көрсөткүчтөргө ылайык рейске киргизишпейт, айрымдарды Россия киргизген катуу талаптардан улам уча алышпайт. Биз өлкөлөрдүн авиациялык бийлигине каттарды жөнөтүп, кырдалды жөнгө салууга аракет кылып жатабыз", - деди Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Нестаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/3619