Никитенко: "Кумтөрдүн" статусу кандай? Бөлтүрүктүн жеке компаниясыбы же мамлекеттикиби?
RU

Никитенко: "Кумтөрдүн" статусу кандай? Бөлтүрүктүн жеке компаниясыбы же мамлекеттикиби?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко "Кумтөрдүн" азыркы жетекчилиги кызматка дайындалган күнүнөн тартып, жүргүзүп жаткан иштери боюнча отчет берүүгө тийиш деп эсептейт.

Анын айтымында, "Кумтөр" 4 айдан бери алтын сата элек.

"Жалпы суммасы $240 миллионду түзгөн 4 тоннадан ашык алтын кайда жатат? Улуттук банк алтын сатып албай калган. Акыркы бир айда эле алтын запас 7,5 миллиард сомго төмөндөптүр, төрт айда 70 миллиард сомдон ашык суммага", - деп ЖМКдагы маалыматка таянып депутат билдирди.

Никитенко ЖМКдагы данныйларды келтирди, ага ылайык, алтын кенден алтын өндүрүү 87%дан 60%га чейин түшүп кеткен. Жакын арада запчасттар жана механизмдердин жеткирип келүүсү күтүлбөйт. Бул өз кезегинде процесстердин, коопсуздук техникасынын бузулушуна алып келип, адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурат. Экологиялык катастрофа болушу ыктымал.

"Адистердин айтымында борбордук карьердин ичинде суу бар экен. ЖМКлар "Ишти токтотуп, техника менен кызматкерлери төмон түшүрүп жатышат" деп жазышты. Божомолдоолор жарытаарлык эмес. Өндүрүштү башкара турган кадрлар, техниканы тейлей турган адистер жок. Кызматкерлер эмгек шартынын начарлашын белгилеп, айлык төлөнбөй жатканын айтышкан. Жумушчуларга көйгөйлөр тууралуу сөз баштоого тыюу салынган", - деп Никитенко белгиледи.

Ошого байланыштуу бир нече суроо бергим келип турат.

Компаниянын статусу кандай? Бул мамлекеттик компаниябы же Бөлтүрүк мырзанын жана анын достору менен туугандарынын жеке ишканасыбы? Бөлтүрүк мырза өзүнө жана кызматкерлерине кандай айлык койгон? Же болбосо алардын айлыгынын өлчөмүн ким бекиткен?

Андан тышкары Никитенко төмөнкү суроолорго да жооп алгысы келет:

  • Айлык акыны төлөө, эсептер боюнча төлөө жана товарларды сатып алуу кайсы каражаттын эсебинен жүргүлүүдө?
  • Адвокаттардын эмгек акысы кантип төлөнүп жатат, кызматты сатып алууга тендер жарыяланганбы?
  • "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн ким текшерүүдө?
  • Алтын кайсы жерде жана кандай шартта сакталууда?
  • Аны сактоо канча каражатка айланууда?
  • Эмне үчүн эч ким компаниянын ишмердүүлүгу боюнча отчет бере элек?
  • Кризистен чыгуу боюнча кандай пландарыңар бар?
  • Быйыл кыш катуу болот, ал эми эксперттердин айтымында, алтын кен ишин октябрь айында эле токтотуусу күтүлүүдө. Эмне кылабыз андан ары, мырзалар?
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/3644