Караколдогу тоо лыжа базасында 12 жашар казакстандык бала каза болду
RU

Караколдогу тоо лыжа базасында 12 жашар казакстандык бала каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

12 жашар казакстандык бала Караколдогу тоо лыжа базасындагы трассаларынын биринен түшүп келатып каза болуп калган. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына облустун ИИБси билдирди.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 12-январда, болжол менен саат 15:00дө тоо лыжа базасынан лыжа тээп трассадан түшүп келаткан бала карагайга урунуп, ошол жерден каза болгон, деген маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө тобу жөнөп, ишке тиешелүү материалдарды чогултушкан.

Азыркы учурда, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн каза болгон баланын сөөгүн облустук больницага алып баратышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/372