Бүгүн маршрутка айдагандар жумушка чыккан жок. Бирок бардыгы эмес
RU

Бүгүн маршрутка айдагандар жумушка чыккан жок. Бирок бардыгы эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 18-январда, Бишкектеги маршруткачылардын жарымы каршылык көрсөтүп, линига чыгышкан жок.

Элдер бир сааттан ашык өзүнүн маршруткаларын күтүштү. Бирок, транспорт ошо бойдон келген жок.

Журналисттер маршруткачылар иштеген фирмаларга байланышып, эмне болуп жаткандыгын сураганда, өздөрү үчүн да бул шок болгонун билдиришкен.

"Ишемби күнү биз айдоочулар менен сүйлөшкөнбүз, алар бунт жасабай эле, дүйшөмбү күнү кадимкидей ишке чыга турагндарын билдиришкен. Бирок Базар күну кечкисин эртең жумушка чыкпай тургандыгын жарыялашкан. Муну уюштуруп жаткан чагымчылар тобу бар. Алар бир-бири менен чат аркылуу сүйлөшүшөт. Ошол жактан бирөө бузган окшойт", - деди фирманын жетекчилиги.

Эртең мененки саат 7де маршруткалардын көбү линияга чыгышкан эмес. Бирок бир-эки сааттан кийин линияда калган кесиптештерин көрүп, калгандары да иштей башташты.

Жүргүнчүлөр айдоочуларга башкалары телефон чалып, иш таштоого үгүттөп жатканын угушкан.

Эске салсак, айдоочулардын иш таштаганынын себеби, жол кирени көтөрүүнү талап кылышы.

Алар көптөн бери жол кирени көтөрүүнү суранып келишет. Бирок шаар жетекчилиги ага макул эмес. Учурда кырдаал курчуп барат, маршруткачылар эч пайда таппай иштеп жаткандарын билдиришет. Рейстердин көлөмү күн санап кыскарууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/416