Люктар уурдалууда. Короого кирүү мүмкүн болбой калды. Мэриянын жообу
16041
Люктар уурдалып жаткандыгы тууралуу Kaktus.media редакциясына окурман кайрылган.
"Чыгыш-5 кичи районундагы Мамбетов көчөсүндө темир люктар уурдалып жатат. Ансыз да чоң тешиктер бар, короого кирүүгө мүмкүн болбой калды. Ал жерде балдар чуркап ойнойт. Кудай сактасын, бирок майып болуп калбаса болду", - деп кайрылган окурман.
Бир күндөн кийин, 16-ноябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы "Бишкекасфальтсервис" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери аталган көчөгө дренаждык торлорду орнотушканын кабарлады. Ал тургай, сүрөттөрдү да жиберишкен.
slide 3 of 2
Бирок, люктарды жана торлорду уурдоо маселеси биротоло чечиле элек.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://vb.kaktus.media/4338