"Вакцианция сизге барат!" Компаниянын кызматкерлери вакцинацияны жумуштан ала алышат
RU

"Вакцианция сизге барат!" Компаниянын кызматкерлери вакцинацияны жумуштан ала алышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус инфекциясына каршы көчмө вакцинациялоону уюштурууга даяр. Алар калк менен тыгыз кызматташкан жеке менчик компанияларга бара алышат. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда, ведомоствонун басма сөз кызматы кабарлады.

"Айрым жеке менчик жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери толук вакцинациядан өтө элек. Бул маселени чечүү үчүн жеринде эмдөө уюштурулду", - деп билдирүүдө айтылган.

Саламаттык министрлиги жүйөөлүү себептерге байланыштуу эмдөө пунктарына бара албагандарга көчмө пункту менен барып кетүүгө даяр.

Эске салсак, саламаттык сактоонун бардык тармактары, коомдук транспорттун кызматкерлери, коомдук тамактануу түйүндөрүнүн жумушчулары, маданият чөйрөсүндө иш алып барган жамааттар вакцинациядан өтүүгө тийиш.

Кыргызстанда вакцинация "Спутник лайт", Pfizer BioNTech, Sinopharm, Astra Zeneca, KazVak вакциналары менен жүргүзүлүүдө.

Вакцинация - COVID-19дун жайылышын алдын алуучу эң эффективдүү ыкма.

Эмдөө алуу суроолору боюнча жогорку телефон аркылуу кайрылсаңыз болот: 0312 62 44 99.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/4442