30-ноябрга карата добуштарды колго эсептөөнүн жыйынтыгы. Кайсы партиялар барат?
2641
БШК 30-ноябрдын таңына карата акыркы парламенттик шайлоодогу добуштарды кол менен саноодо протоколдордун 19,53%ы боюнча гана маалымат берди.
Учурда 5%дык босогодон алты партия өттү. Жалпы 487 протокол саналып бүттү, ал эми бардык протоколдун саны 2494тү түзөт.
Эске сала кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. Шайлоонун электрондук саноо системасынын жыйынтыктарды эсептөөдө ката кетти. Бүгүнкү күндө электрондук добуш берүү системасы менен кол менен эсептөөнүн протоколдорунун жыйынтыктары башкача.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://vb.kaktus.media/4561