Максат Кунакунов УКМКга эмне үчүн чакырылганын айтып берди
RU

Максат Кунакунов УКМКга эмне үчүн чакырылганын айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

№26-Ленин шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Максат Кунакунов УКМКнын шаардык башкармалыгына эмне үчүн чакырылганын Kaktus.media сайтына айтып берди.

Анын айтымында, алар шайлоо өнөктүгүнүн чоо-жайын билгиси келгендиктен чакырган.

"Алар менден эмнеге нааразы экенимди, кандай мыйзам бузуулар катталганын – административдик ресурс тууралуу сурашты. Сүйлөшүү профилактика сыяктуу болду", - деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин ал УКМКга суракка чакырылганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/4576