Сурабалдиева: Министр кечирим суроого тийиш. USAID вакцинага холодильник берем деген эмес
RU

Сурабалдиева: Министр кечирим суроого тийиш. USAID вакцинага холодильник берем деген эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Вице-премьер-министрдин м.а. Эльвира Сурабалдиева USAID Кыргызстанга вакциналарды сактоо үчүн муздаткычтар берилет деп убада берген эмес, деп айтты. Эми Саламаттыкты сактоо министрлиги жалган маалымат тараткандыгы үчүн кечирим суроого тийиш.

Эске салсак, 19-январда, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен болгон интервьюга шилтеме берилип, "Биринчи радионун" эфиринен Кыргызстан Pfizer деген вакцинадан баш тартты деген маалымат айтылган. Бул жаңылык коомчулукта резонанс жаратты. Бирок министр Kaktus.media'га берген жообунда министрлик вакцинадан баш тарткан эмес, Финансы министрлигине атайын холодильниктерди сатып алуу үчүн $2 млн бөлүп беришин суранган, деп айткан.

Кечээ, 21-январда, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйыны учурунда АКШнин Эл аралык өнүктүрүү агенттиги Кыргызстанга Pfizer вакцинасын сактоо үчүн холодильниктерди бере турганын билдирген.

Бирок, бүгүн, мындай сүйлөшүүлөр болгон эместиги ачыкталып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/467