Кыргызстан Токтогулдагы сууну Казакстанга агызып турган, бирок айткан эмес
RU

Кыргызстан Токтогулдагы сууну Казакстанга агызып турган, бирок айткан эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бул күндөрү премьер-министр Акылбек Жапаров иш сапары менен Казакстанда болду. Ал бир нече жолугушууларды өткөрүп, сүйлөшүүлөрду жүргүздү.

Казакстандын министрлер кабинетине шилтеме жасалып, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Кыргызстан Токтогул суу сактагычынан кошумча суу агызгандыгы үчун ыраазычылык билдирди деген маалымат тараган.

Казакстандын өкмөт башчысы эки өлкөнүн суу-энергетика тармагындагы кызматташууга жогору баа берди. Токтогул суу сактагычынан кошумча суу агызып бергениңер Казакстандын түштүк региондорундагы кургакчылык шартта аграрийлердин керектөөлөрүн камсыздоого мүмкүнчүлүк түздү, деп жазылган.

Белгилей кетчү жагдай, Акылбек Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары боюнча Кыргызстан тараптын расмий пресс-релиздеринде Казакстан тараптын кошумча суу берилгендигине ыраазычылык айтканы эскертилген эмес.

Улуттук энергохолдинг бул тууралуу эмне дейт?

Энергетика тармагындагы башкы ведомство эми коомчулукка түшүндүрмо берүүгө аргасыз. Бирок аларга анчейин ишене албайсың.

"Токтогул суу сактагычын суу ресурсун үнөмдөө жана аны төмөнкү чекке жеткирбөө үчүн Казакстан Республикасынын энергетикалык компаниялары менен үстүбүздөгү жылдын март айында электр энергиясын өз ара жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн.

Келишимге ылайык, жайкы мезгилде Токтогул ГЭСинен суу агызуу иштери жүргүзүлүп, кышында ал электр энергиясы түрүндө Кыргызстанга кайтарылган. Кыскасы, товар алмашуу жолу менен.

Жалпысынан "Электр станциялары" ААК менен Казакстандын энергетикалык компаниясынын ортосунда 900,0 млн кВт/саат электр энергиясын өз ара жеткирүү келишими түзүлгөн. Алынган электр энергиясы келишимге ылайык, 2021-жылдан 2023-жылга чейин товар алмашуу менен кайтарып берүү каралган. Ошондо жылына 300 млн кВт/сааттан берип туруу шарт.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 8-декабрына карата Кыргызстан Казакстандан 616,4 млн кВт/саат электр энергиясы алынды".

Ал эми министрлер кабинетинде бул маалыматка эч кандай комментарий берлиген жок. Жогоркуда көрсөтүлгөн мезгилде жана андан кийинки айларда кыргыз фермерлери да суунун жетишсиздигинен жабыркаган.

Эске салсак, Кыргызстандын фремерлери суунун аздыгынан түшүм да аз жыйналып, малга тоют жетиштүу деңгээлде камдалган эмес. Казакстанда быйыл кургакчылык катуу жүрдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/4710