Эдил Байсалов: Биздин Петр I - бул Садыр Жапаров! Калгандарыбыз уядагы балапандарбыз
RU

Эдил Байсалов: Биздин Петр I - бул Садыр Жапаров! Калгандарыбыз уядагы балапандарбыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Новые лица" басылмасына интервью берген. Ал Улуу Британиядагы кызматы жөнүндө айтып берип, акыркы саясий окуяларга өз баасын берген. Андан тышкары Садыр Жапаровдун өлкөнүн жашоосундагы ордун белгиледи.

Байсаловдун пикири боюнча, азыркы министрлер кабинети сапаты жагынан мурунку министрлер кабинетине салыштырмалуу мыктыраак.

"Азыркы регламентке ылайык, министр бул жөн киши эмес... Бул кызматка мурункудай туш келди бирөөнү дайындабайт. Бизде жүздөгөн кишилер өзүн сыймыктануу менен экс-министрмин деп айта алат, бирок алардын бардыгы барктуулук, статус, аппараттык күчү жагынан азыркы министрлерге тең келе албайт, анткени биз министрлерге ишенебиз", - деп белгиледи Байсалов.

Анын айтымында, социалдык блокту башкарып, стратегиялык жактан маанилүу суроолор менен алектенип жүрөт.

"Мага чейин иштеп кеткен айымдар сүрөткө түшкөндү жакшы көрүшчү. Бир жерде өзүн ханыша көрсөтсө, башка жерден жетекчи көрсөтүшчү. Алар вице-премьер деп аталганы менен үстүндө көп кабаттар турган, жөнөкөй эле кеңсе кызматкери алардын чечимин жокко чыгара алат болчу", - дейт төраганын орун басары.

Андан тышкары, Байсалов саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишине да баа берди.

"Бизде бардык эле өкмөттөрдөгүдөй пикир келишпестиктер абдан көп. Бирок менин оюм боюнча аны отставкага кетирүүнүн зарылчылыгы жок. Бул өлкө башчысынын чечими. Бардыгыбыз Садыр Жапаровго баш ийебиз жана Алымкадыр Бейшеналиев президенттин чексиз ишеними менен колдонот, кээде аша чаап кетет. Президент дагы ага сын айтып турат, бирок азыркы тапта ал ага берилген ишенич менен колдонуп жатат. Ал натыйжа көрсөтө алат, көрсөтө албайбы - өзү жооп берет", - деп кошумчалады.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бейшеналиевдин өзүн Петр I теңегени боюнча да комментарий берип:

"Бир аз ыксыз салыштыруу болуп калыптыр. Биздеги Петр I - бул Садыр Жапаров, ал эми биз Садырдын уясындагы балапандарбыз", - деп Байсалов белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/4910