Эскертүү! ӨКМ аба ырайы кескин өзгөрөрүн билдирди
2986
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-27-декабрда туруксуз аба ырайы болорун эскертет.
Бороон тууралуу эскертүү
26-декабрда күндүз жана 27-декабрда туруксуз аба ырайы күтүлөт.
26-декабрда күндүзү:
- Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаашы күтүлөт;
- тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу болот;
- Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
27-декабрда түнкүсүн:
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаап, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт;
Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын күтүлөт.
27-декабрда күндүз:
- Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт.
Жолдордо кар күрткүсү болуп, муз тоңот. Кээ бир жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы автотранспорттордун, байланыш ишканаларынын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://vb.kaktus.media/4918