"Садыр Нургожоевич, кол койбоңуз!" Дагы бир базардын соодагерлери ККМге каршы
RU

"Садыр Нургожоевич, кол койбоңуз!" Дагы бир базардын соодагерлери ККМге каршы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 27-декабрда "Дордой-Моторс" базарынын соодагерлери көзөмөл кассалык аппараттарын киргизүүгө каршы экенин билдирип митиннге чыгышты.

Митингге чыккандардын айтымында, президенттин жан-жөкөрлөрү элге каршы иштей турган мыйзамды киргизип жатышат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бюджетти көбөйтөм деп убада берип, күчүн элден чыгарууда. Кассалык аппаратты киргизүү базардын шартына туура келбейт. Ошондуктан, мурдагыдай эле патенттик системаны узартууну суранабыз дешти.

"Урматтуу Садыр Нургожоевич! Сизге биздин суранычыбызды жеткирбей коюшкан окшойт. Биз ККМге каршыбыз. Жаңы Салык кодексине кол койбоңуз, сурныч", - деп соодагерлердин бири президентке кайрылды.

Белгилей кетсек, ушундай эле каршылык акцияларына "Дордой" менен "Таатан" базарларынын жана Кеминдин содагерлери чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/4938