Көз жумгандар бар. Казакстандагы башаламандыктан миңден ашуун адам жабыр тартты
RU

Көз жумгандар бар. Казакстандагы башаламандыктан миңден ашуун адам жабыр тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандагы башаламандыктын кесепетинен миңден ашуун адам жабыркаганын Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен мамлекеттик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Алардын ичинен 400 адам ооруканага жаткырылды, 62 адам реанимацияда. Калк арасында каза болгондордун саны тууралуу так маалымат жок. Буга чейин 8 коопсуздук кызматкери каза болгону тууралуу маалымат чыккан.

Дарыгерлерге да кол салуулар болгондугу белгиленди. Учурда 10дон ашык медицина кызматкери жаракат алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/5060