Кыргызстандык активисттер Казакстанга гуманитардык жардам жөнөтүштү. Фото жана видео
RU

Кыргызстандык активисттер Казакстанга гуманитардык жардам жөнөтүштү. Фото жана видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык жаштар Казакстанга азык-түлүк (сүт, нан, айран) түрүндөгү гуманитардык жардамдын партиясын жөнөтүштү. Бул тууралуу жергиликтүү активисттер билдирди.

Алардын айтымында, коңшу өлкөдө болуп жаткан акыркы окуяларды кунт коюп, тынчсыздануу менен байкап турушат. Кыргызстан менен Казакстандын элдеринин эң жакын жана бир туугандык байланыштары бар экенин белгилешип, Казакстандагы бардык боордошторго, анын ичинде укук коргоо органдарынын кызматкерлерине да жакшылык гана каалап, тезирээк абал турукташып кетүүсүн каалашты.

Анда 15 миң нан, 15 миң литр сүт жана 5 миң литр айран чогултулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/5083