"Сени эч ким күтпөйт". Якутиядагы кыргызстандык кыз мигранттар тууралуу китеп жазган
Кыргызстандык 28 жаштагы Уулжан Даулетбекова Якутияда иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын жашоосу тууралуу китеп жазган. Китеп "Мигранттын күндөлүгү" деп аталат.
Анын туугандары редакцияга кайрылып, бул тууралуу жазууну суранышкан. Анткени Якутияда кызды жакшы таанышат, ал эми Кыргызстанда анын иши тууралуу угулган да эмес. Ошондой эле китеп жакында тартылып чыга турганы белгилүү болду.
"Мен жакшы жашоо издеп кетүүнү чечкен карапайым кызмын, адегенде мени бул жерде (Якутияда) баары күтүп жатат деп ойлочумун, бирок мен келгенде чындык катаал болуп чыкты", - дейт өзү жөнүндө Уулжан Даулетбекова.
Кыздын апасы менен чоң энеси мугалим, атасы мектептин директору. Ал ата-бабасынын жолун жолдогон эмес.
"Кичинекей кезимден эле кыялыңдын артынан ээрчип, максатыңа жетүү керек деп үйрөтүшкөн. Бирок мен дагы көптү кыялданчумун. Мага менин өлкөм кичинекей, мен көп акча табышым керектей сезилди. Ата-энем караманча каршы болушту. Чыр-чатактар болду, мени жалгыз киргизбей коюшкандыктан, эжем мени менен барууга макул болду.Ошондо гана ата-энем уруксат берди",-деп бөлүштү Даулетбекова.
Ал чоң шаарды кыялданып, Америкага баргысы келген. Бирок, ал жакта тааныштар жок. Ооба, виза боюнча көйгөйлөр болгон.
"Англис тилин эки жыл окудум. Бирок акыры Якутскиге туш келип калдым. Тааныш эжелер бар, сулуулук салонуна барып иштесе болот, айлыгы да жакшы, дээрлик миң доллар дешти. Ишенип, бардым. Учактан биринчи жолу чыкканым эсимде, мени меймандос чиркейлер гана көрүп кубанышкан", - деп бөлүштү китептин автору.
Даулетбекова ойлогондой жер эмес экен. Бирок, артка чегинүү уят эле. Анан ал бир жыл калууну чечкен. "Мен Кыргызстан менен Якутияны бирдей сүйөм. Кыргызстан менин мекеним, Якутия менин келечегим", - деди ал.
Кыз жарандык сурап кайрылган.
"Миграцияга каршы рейддер болгондо, милициядан кылмышкердей чуркап, жашынып жүрдүм, бирок мен дагы эле ушул жерде калдым. "Эч кимге эч нерсе далилдебе" дешет го, бирок мен пайдалуу болушум керек, из калтырып, бирөөгө жардам беришим керек деп ойлойм", - деп кошумчалады Даулетбекова.
Биринчи жыл ал үчүн абдан оор болгон. Кандай документтер керек экенин билбей, керектүү кагаздарды таштанды челекине ыргытып жиберген. Жумушка орношкондон кийин гана, мигранттарга тыюу бар экенин билген. Анан качып жүрүүгө туура келген.
"Мени капаска киргизип салгылары келип, иштебей калган компьютердин атынан документтеримди текшере албай, сыртка чыгарып салышты. Эртеси кайра текшергенде баары жайында экен. Чынында эле мигрант экенимди ошондо сездим, эч кимге мындай болуусун калабайт элем", - деп түшүндүрдү Уулжан.
"Мен жердештеримдин тагдырын, окуяларын угуп отурчумун. Жада калса ата-энем да алардын кыйынчылыктарын билишчү эмес. Аларга жардам бере албадым. Жөн гана окуяларды чогултуп, аны эч кимге айта албай, көзүмө уйку келбей, түнү менен жазып чыкчумун. Ошону окуп эл эсине келсин, 25 жашка чейинки кыздар миграцияга кетпесин, ата-энелер балдарын кайда жиберип жатканын билишсин деп тема козгогум келди. Китептин биринчи бөлүгү менин мекендештериме арналды. Бирок, эл экиге бөлүнүп, бир бөлүгү жакшы көрүнүштөрдү гана айтууга үндөштү. Бирок кимдир бирөө ачуу чындыкты да айтышы керек болчу", - деп кошумчалады Даулетбекова.
Ал жек көрүүчүлөрдүн терс сын-пикирлеринен кийин китептин экинчи бөлүгүн жазган. Бул жолу мигранттардын балдарына арналган. Уулжан китеп тууралуу: "Жигиттер никесиз төрөлгөн балдар үчүн жооп бергиси келбей, кыздар колундгы балдары менен жалгыз калган учурлар болот",-дейт.