Бактыбек Калмаматов үй камагына чыкты
3021
Бишкек шаардык соту Бактыбек Калмаматовду бошотту. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.
Алардын айтымында, бүгүн, 20-январда Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы Калмаматовго карата баш коргоо чарасын эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган, башкача айтканда үй камагына өзгөртүү боюнча чечим чыгарды.
Эске салсак, 22-декабрда Бактыбек Калмаматов учуп кетер алдында аэропорттон кармалганы белгилүү болгон. Жактоочунун айтымында, ал чакан ажылыкка бара жаткан. Калмаматов социалдык тармактар аркылуу аймактар аралык кастыкты козуткан деп айыпталууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://vb.kaktus.media/5246