Камчыбек Ташиев Адахан Мадумаровдун иши тууралуу
RU

Камчыбек Ташиев Адахан Мадумаровдун иши тууралуу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Адахан Мадумаровдун иши боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезде Баткен облусундагы жерди ижарага берүү ишин прокуратура жүргүзүп жатат.

"Мадумаровдун иши боюнча менде эч кандай материалдар жок, ошондуктан бул ишке комментарий бере албайм. Генрпокуратура иликтөөлөрдү жүргүзүп жатат. Жакында иш жыйынтыкталат деген ойдомун", - деди Ташиев.

Эске салсак, Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек арасындагы жер тилкени ижарага берүү кылмыш иши боюнча бир нече жолу күбө катары сурак берди. Мындан мурун, 2021-жылдын ноябрь айында, президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы жерлерди сатуу боюнча иликтөө жүргүзүлөт, деп жар салган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/5283