Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу. 20:30да кырдаал кандай?
RU

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу. 20:30да кырдаал кандай?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматты жана коммуникацияны башкарыы башкармалыгы берген маалыматка ылайык, 2022-жылдын 27-январынын саат 20:30га карата кырдаал оор бойдон калууда. Кыргыз Республикасынын жана Тажик Республикасынын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда жүргөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Баткен – Исфана жолундагы Төрт-Көчө аймагы тажик жарандары тарабынан тосулган. Саат 19:30да кайрадан ачылган болчу.

Бирок, болжол менен саат 19:35те тажик тарап курал жарак колдонуп, Баткен районунун Чыр-Дөбө аймагында КРдин чек ара кызматтарына ок ачканына байланыштуу кырдаал курчуган. Кыргыз жана тажик чек ара кызматкерлеринин ортосундагы ок атышуу негизинен Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө аймагында жүрүп жатат. Тажик тарап миномёт жана гранатомётторду колдонууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/5339