Тажикстандын демилгеси менен эки тарап телефон аркылуу сүйлөштү
RU

Тажикстандын демилгеси менен эки тарап телефон аркылуу сүйлөштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын чек ара кызматы берген маалыматка ылайык, саат 21:45те тажик тараптын демилгеси менен Кыргызстандын Чек ара кызматынын директору, генерал-майор Уларбек Шаршеев менен Тажикстан Республикасынын УКМКсынын генерал-полковниги Раджабали Рахмонали экөөнүн ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү жүрдү.

Тажик тарап ок атууну токтотууну суранган. Бирок 22:30га карата берилген маалыматка ылайык, тажик чек ара кызматкерлери маал-маалы менен ички аскер бөлүгүн аткылап жатышат. Атышуулар Эки-Таш, Кум-Базар, Чыр-Дөбө аймактарында уланууда.

Кыргызстандын Баткен облусунун губернатору жана Тажикстандын Согдий облусунун губернаторлорунун жолугушуусу күттүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/5343